Отунбаеванын фонду экологияны коргоо боюнча окууларды өткөрдү

“Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фонду Бишкектеги мектеп мугалимдерине экология көйгөйлөрү боюнча окууларды уюштурду. Мугалимдерге 13-14-февраль күндөрү эл аралык тажрыйбага ээ окумуштуулар сабак өтүштү. Ошондой эле окуучулар үчүн табият менен жакшы мамиледе болууга чакырган иш-чаралар уюштурулду.

Фонддун демилгеси Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгы менен биргеликте ишке ашырылып жатат.