Түркия Кыргызстанга жаңы диагностикалык борбор курат

Ош шаарындагы медициналык мекемелердин бири.

Түркиялык ишкерлер быйыл мартта Бишкекте жаңы диагностикалык борбор курууну баштайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады. Борбор №1 шаардык клиникалык оорукананын базасында салынат. Анын долбоору өткөн жылы даярдала баштаган. Курулуш иштерине 12 миллион доллар сарпталмакчы. (SE)