Орусия Мамлекеттик думасынын Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети маалымат каражаттарында экстремизмге жана терроризмге чакырык камтыган макалалар үчүн айыппулду көбөйткөн мыйзам долбоорду кабыл алды. Ага ылайык, маалымат каражатындагы материал экстремизмге чакырык катары табылса, бир миллион рублга чейин айыппул салынат. Ал эми зордук-зомбулукка үндөгөн деп сот тарабынан таанылса, 200 миң рублга чейин айыппул салынмакчы.