Орусияда бир айда чет элдик мигранттарга 430 патент берилди

Мигранттар Екатеринбургда тест тапшырууда. 13-январь, 2015-жыл

Орусиянын Федералдык миграция кызматынын интернет сайтындагы маалымат боюнча 2015-жылдын январь айында чет элдик жарандарга ишке орношуу үчүн жалпысынан 430 патент берилген. Санкт-Петербург жана Ленинград облусу боюнча 267 патент,  Москва облусу боюнча 42 патент берилген. Москва шаарында берилген патенттин саны өткөн жылдын январына салыштырганда 99,1% төмөн. 
Учурда Орусияда 11 миллиондон ашуун чет элдик мигранттар эмгектенет. Акыркы маалыматтар боюнча 500 миңден ашуун Кыргызстандын жарандары Орусияда иштейт. (LzT)