Дебальцеводогу абал Минск келишиминин аткарылышын татаалдатат

Украин аскерлери Дебальцовонун атрабын таштап кетишүүдө. 18-февраль 2015

Украинанын аскер күчтөрү Дебальцево шаарынан “пландуу жана уюмдашып” чыгып кетти. Президент Петро Порошенко 18-февралда билдиргенге караганда, аскердик бөлүктөрдүн 80% чыгарылып бүткөн жана эки конвой чыгарылып бүтүш керек.

Дебальцево жикчилдер көп бөлүгүн көзөмөлдөгөн Донецк жана Луганск облустарын туташтырган кан жолдогу стратегиялык шаар.

Германия орусиячыл жикчилдердин Дебальцеводогу аракети 12-февралда кол коюлган Минск тынчтык келишимине болгон үмүттүн аткарылышын кыйындатат десе, Франция “келишимди өлтүрбөө үчүн бардык аракеттер жасалышы керек” деп билдирди. НАТОнун башкатчысы Женс Столтенберг жикчилдердин ок атышыпоо шартын сактабаганы Минск келишимине коркунуч туудурат деди. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, Дебальцоводогу кырдаал Украинадагы тынчтык жараянын токтотуу үчүн пайдаланылбашы керек.