Кыргыз-орус кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен телефондон сүйлөшүп, кыргыз-орус кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

3-апрелде Бишкек шаарында КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлер Кеңешинин кеңешмеси өтөт. Абдылдаев менен Лавров ошол кеңешмеде каралчу маселелерди да талкуулашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. (ZMa)