Ош мэриясына балдар аянтчаларын куруу боюнча 200дөй арыз түштү

Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Талантбек Эшбаев билдирди. Анын айтымында, бир эле аянтчаны курууга бери дегенде 1 миллион сомдой каражат керек. Тургундардын өтүнүчүн толук канааттандыруу мүмкүн эмес болууда.

Эшбаев билдиргендей, шаардык казынадан балдар аянттарын курууга быйыл 6 млн сом акча суралган. Азырынча маселе чечиле элек.

Өткөн жылы шаардык казынанын эсебинен калаага үч балдар аянтчасы курулган. Андан сырткары бир катар курулуштар бейөкмөт уюмдардын жардамы менен бүткөн. (YI)