Ошто дарыгер пара алып жатып кармалды

Оштогу кургак учукка каршы күрөш борборунун дарылоо бөлүмүнүн башчысы бейтаптан 5 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык ИИБнин маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди. Маалыматка ылайык, Ош шаардык ИИБнин 5-бөлүмүнүн кызматкерлери Ош шаардык прокуратурасы менен биргеликте кармашкан. Тергөө учурунда дарыгер бейтапты дарылоо үчүн 5000 сом талап кылганы аныкталган.

Пара менен кармалган дарыгерге “паракорлук” боюнча айып тагылган. (YI)