"Азия Микс" экинчи орунду багындырды

КВНчилер Кыргызстандын Орусияга ыктап, Бажы биримдигине кирип жатканы жөнүндө дагы күлкү-тамаша айтып кетишти. 

«Азия Микс» командасы Сочиде өткөн 26-музыкалык фестивалдын жыйынтыгы боюнча 2015-жылы КВНдин Жогорку лигасында ат салуучу 20 команданын бири катары тандалган. 

«Азия Микс» командасынын курамы бул жылы жаңыланган. Бишкектик командага  Тажикстандан, Өзбекстандан дагы балдар кошулган.  

КВНдин алып баруучусу Александр Масляков оюндун бул сезонун «күйөрмандар үчүн дагы, оюнчулар үчүн дагы чоң үмүттөрдүн мезгили» деп атады.

 «Үзүлбөгөн үмүттөр» аталышындагы бул оюн Орусиянын биринчи каналынан 15-мартта көрсөтүлөт.  

Команданын капитаны Эльдияр Кененсариев «Биз эми азиялыктардын жакшы жагын көрсөтөбүз» дейт. ​Оюнчулардын катарына «Жатакана» сериалынан кийин Кыргызстанда белгилүү болуп калган өзбек актрисасы Ситора Фармонова кошулган. 

25-февралда Москвада өткөн КВН Жогорку лигасынын 1/8 оюнуна бишкектик «Азия Микс» командасы катышып, 2-орунду ээледи. Бул топ үч жылдан бери орустардын шайырлар жана тапандар таймашына катышып келет.