Батыш "бешилтиги" Украинадагы абалды талкуулады

Сюзан Райс

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Сюзан Райс өзүнүн Франция, Германия, Италия жана Улуу Британиядагы кесиптештери менен Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу маселесин видео-конференция аркылуу талкуулады.

Тараптар былтыр сентябрда жана быйыл 12-февралда Минскте кабыл алынган тынчтык келишимдеринин аткарылышын талкуулашты. Ак үйдүн маалыматына караганда, Украинанын өкмөтүнө мындан ары да жардам берүү жаатында биргелешип аракет жасоо чаралары тууралуу сөз болду.