Испания Украинада урушта жүргөн сегиз жаранын камакка алды

Донбасста согушка аралашып жүргөн испаниялыктар

Испанияда Украинанын чыгышында жикчилдер тарабында согушуп жүргөн сегиз жаран камакка алынды. Полициянын өкүлдөрү азырынча аты-жөнү айтылбаган сегиз киши 27-февралда Астурия, Каталония, Эстремадура, Мурсия, Наварра жана Мадридде камакка алынганын билдирди.

Полициянын билдирүүсүндө алар бир катар кылмыштарга шектүү экени айтылат. Испаниянын маалымат каражаттары тергөөгө жакын булактарга таянып, кармалгандар курал-жарак алып жүргөн, Украинадагы жаңжалдарга катышып, Испаниянын бейтараптуулугуна шек келтирди деген айыптар тагылып жатканын жазып чыгышты.

Украинанын чыгышындагы куралдуу кармаштарда өткөн жылдын апрель айынан бери кеминде 5800 киши набыт болду.