601 эшектин баш-шыйрагы иттерге берилүүдө

Сокулук районунун Манас айылындагы касапканада союлган 601 эшектин баш-шыйрагы Пригородное айылындагы ит баккан адамдарга берилген. Бул тууралуу эшек этин пулдаган “Кайтал” ишканасынын башчысы Алмаз Такырбашев “Азаттыкка” билдирди.

Учурда 15 кишиден турган коомдук комиссия жана журналисттер тобу эшек этинин чоо-жайын иликтеп жатат. Ветеринарлардын айтымында, иттерге берилген эшектердин баш-шыйрагынан адамдарга оору жугушу толук мүмкүн.

Ишкана ээлеринин ишендиришинче 601 эшектин эти учурда муздаткычтарда сакталып турат. Эгер тиешелүү кызматтар уруксат берсе, чет өлкөдөгү зоопарктарга экспорттолот.

24-февралда журналисттер аталган айылдагы сарайлардын биринде жүздөгөн эшек союлуп, сатыкка даярдалып жатканын, эт баш калаадагы кафе-ресторандарга өткөрүлгөн болушу мүмкүн экенин айтып чыгышкан. Бирок бул иш менен алектенген ишкана эттин бир да килограммы Кыргызстанда сатылган эмес деп ишендирүүдө. Алардын айтымында, эшек эттери түрк компаниясы менен келишимдин негизинде Гонконгго жөнөтүүгө даярдалып жаткан. (BCh/UEz)