Мугалимдин сагыныч каттары

Мамбетказы Байбараков 1908-жылы Ысык-Көлдүн Түп районунда төрөлгөн. Алгач Каракол шаарында мугалимдик кесипке окуп, аны 1936-жылы аяктаган. Ошондой эле окуусун Ташкенде улантып, экономист адистигине да ээ болгон. Согушка чейин агартуучулук иш менен алектенген. 1937-жыл

Мамбетказы Байбараков Ош облусуна жөнөтүлүп, Кара-Суу, Өзгөн райондорундагы мектептерде балдарды окуткан. Ошондой эле Чүйдүн Кемин районундагы мектептерде иштеген. Мамбетказы Байбараков (солдо экинчи катарда) Өзгөндө мугалим болуп иштеп жүргөндөгү сүрөтү. 1937-жыл

Мамбетказы Байбараков (оңдо) Өзгөндө мугалим болуп иштеп жүргөндөгү сүрөтү. 1937-жыл

1941-жылы Казарманда мугалим болуп эмгектенип жүргөн кезинде Ата Мекендик согуш башталат. Мамбетказы Байбараков дал ушул, согуш башталган күнү Радия атуу кыздуу болот. (Ага чейин төрөлгөн эки уулу чарчап калган). 1942-жылы октябрь айында, кызы бир жарым жашка чыкканда согушка чакыруу келет. Казармандан Жалал-Абадга, андан ары Алматыга барып, эки ай окугандан кийин кан майданга аттанган. Мамбетказы Байбараковдун (биринчи катарда оңдо) 1942-жылы 25-ноябрда Жексенбий деген казак жигит жана Ысаков, Шадыканов деген эки кыргыз жоокер менен Алматыда түшкөн сүрөтү. 

Мамбетказы Байбараков (солдо). Өзгөн, 1937-жыл

Өзү согушка жөнөп жатып, жубайына "Радияны алып, Чүйдөгү төркүнүңө" бара тур деп табыштаган экен. Жолдошун согушка жөнөткөн жубайы Батый Байбаракова эмчектеги кызын атка өңөрүп, 12 күн дегенде Чоң-Кеминдеги бир туугандарына келет.
Сүрөттө: Мамбетказы Байбараковдун кызы Радия Мамбетказиева (оңдо) 1,5 жашта. Болжолу ушундан кийин Мамбетказы Байбараков согушка кеткен. Радия Мамбетказиева апабыз бүгүн 75 жашта. Бишкек шаарында жашайт.

Мамбетказы Байбараков согушта жүрүп жубайы Батый Байбаракова менен тынымсыз кат алышып турган. Бул катта жубайынын, кызынын абалын сураган экен.

Тилекке каршы, 1944-жылы 22-июнда Байбараков согушта курман болот жана анын өлгөндүгү тууралуу туугандарына кара кагаз келет. Жубайы Батый Байбаракова бул кабарды уккандан кийин өлөм дегенге чейин барып, бир туугандары алып калган экен. Батый Байбаракова узак өмүр сүрүп, 1990-жылдары каза болгон. Сүрөттө Мамбетказы Байбараковдун согушта курман болгондугу жөнүндө туугандарына келген кара кагаз. 

Мамбетказы Байбараковдун жубайына жазган айтылуу үч бурчтуу каттарынын бири. 

Мамбетказы Байбараковдун жубайына жөнөткөн бул каты китептин барагына жазылган экен. Ал кезде актай кагаз тартыш болгондуктан ушинтип китептин бетине да кат жазууга мажбур болушкан.

Согушта жүрүп жубайы Батый Байбаракова менен кат алышып турган Мамбетказы Байбаракова туугандарын, айыл-апаны сурап турчу.

Мамбетказы Байбараков  согушта жүрүп жубайы Батый Байбараковага жазган каттарынын бири.

Мамбетказы Байбараковдун сөөгү Беларустун Витебск облусундагы Шумилинский районуна коюлган. Анын кайда көмүлгөндүгү тууралуу маалыматты кызы Радия Мамбетказиева кийин гана Москвага жана тиешелүү жерлерге кат, кайрылууларды жазып отуруп аныктаган. Радия Мамбетказиева апабыз бүгүн 75 жашта. Бишкек шаарында жашайт. Атасы Мамбетказы Байбараков тууралуу маалыматтар жана сүрөттөр анын жеке архивинен алынды. Сүрөттө 1987-жылы СССРдин Коргоо министрлигинин Борбордук архивинен алынган Мамбетказы Байбараков жөнүндөгү маалымат.   

Мамбетказы Байбараковдун жубайы Батый Байбараковага жазган дагы бир каты

Кезектеги каттардын бири.

Бул сыяктуу каттар согушта жүргөн жоокерлердин өзү тууралуу элине, туугандарына кабарын билдирип туруунун жалгыз жолу болгон.

Мамбетказы Байбараковдун Чоң-Кеминде жашаган кайнагалары. 1937-жылдагы сүрөт. 

Мамбетказы Байбараковдун Чоң Кеминде жашаган кайнагалары. 1937-жылдагы сүрөт 

Беларустун аймагында согушуп жүргөн кезинде каза болгон Мамбетказы Байбараковдун ысымы кийин башка жоокерлер менен бирге ал жердеги таш эстеликке жазылган. Беларустун Витебск облусундагы Шумилинский району. 

Согуштун катышуучусу Мамбетказы Байбараков тууралуу маалыматтарды, анын сүрөттөрүн жана каттарын кызы Радия Мамбетказиева "Азаттыкка" алып келип берди. Радия Мамбетказиева быйыл 75 жашта. Бишкек шаарында жашайт. Атасы майданга кеткенде ал 1,5 жашта гана болгон.