Борис Немцовду өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды

Немцовду акыркы сапарга узатуу, 3-март, 2015-жыл

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын директору Александр Бортников оппозициялык саясатчы Борис Немцовду өлтүрдү деп шектелген эки адам кармалганын билдирди. Бул тууралуу Бортников орусиялык Биринчи каналдын эфиринен кабарлады.

Ал кармалгандардын аты-жөнүн атады. Алар: Анзор Губашев жана Заур Дадаев.

55 жаштагы Борис Немцовду 27-февралдын түнү Москванын борборунда, Кремлдин жанында белгисиз кишилер атып кеткен. Ал орус президенти Владимир Путиндин сынчысы катары таанылган эле. (ZMa)