Катта АКШ президенти Барак Обама менен жетишилген келишимдер анын президенттик мөөнөтү бүткүчө гана мыйзамдуу болору айтылган. 47 республикачы сенатордон турган топ эгер келишимдер Конгресс тарабынан жактырылбаса, алар Иран менен АКШ мамлекет башчыларынын ортосунда гана түзүлгөн деп тааныларын эскертти. Катта “АКШнын кийинки президенти бул келишимдерди оңой эле жокко чыгарып кое алат” деп айтылган.
Республикачылардын бул кадамын Акүй Иран менен өзөктүк программасы тууралуу сүйлөшүүлөргө бут тосуу деп баалады. Президент Барак Обама сенаторлордун катын Тегеран менен сүйлөшүүлөргө кийлигишүү катары сыпаттады.
Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр 15-мартта жанданат.