Нарында өспүрүм кызды зордуктоого шектүү киши кармалды

Иллюстрациялык сүрөт

Нарын шаарында өспүрүм кызды зордуктады деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.

Милициянын айтымында, окуя 6-мартта Нарын шаарында болгон. 12 жаштагы кызды зордуктады деп 54 жаштагы адам айыпталууда.

Беш баланын атасы болгон шектүү жаранга карата кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүүдө. (MiK)