Чалдыбарда Казакстанга тапанча алып бараткан жаран кармалды

Чалдыбар чек ара бекети

Кыргыз-казак чек арасындагы Чалдыбар бекетинде коңшу республикага курал алып өтүүгө аракет жасаган кыргызстандык жаран кармалды. Окуя 10-мартта болгонун бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Октолгон газ тапанчасын мыйзамсыз алып жүргөн жаран Панфилов райондук милициясына өткөрүлүп берилди. (RK)