Нарында карышкыр келтирген чыгым миллион сомдон ашты

Ак-Талаа району

Нарын ички иштер башкармалыгынын маалыматында, жыл башынан бери эки ай аралыгында эле карышкырдын кол салууларынын айынан келтирилген чыгым 1 миллион 470 миң сомду түздү.

Былтыр карышкырдын үй жандыктарына кол салуусу көп катталган. Бир жыл ичиндеги чыгым 8 миллион 700 миң сом болгон. Жырткыч 258 кой, 26 уй, 7 торпок, 75 кулун, 14 топозду жеп кеткен. (AzK)