Москвадагы кыргыз ашпозчулар

22 жаштагы Баяс Камчыбек уулу Москвага келгенине төрт жылдан ашты. Алыс жерге барууга үйдүн кичүүсү катары ата-энени багуу максаты түрткү болгон. Азыр Оштогу ЖОЖдун бириндеги «Бизнес жана менеджмент» бөлүмүндө сырттан окуйт. «Окууну бүтүрүүгө жылына 30 миң сомдой акча кетет», - дейт Баяс. Учурда "үйүмдү салып бүтүп калдым, эми акча чогултуп Кыргызстанга кайтканда кафе ачам" деп турган чагы.

"Орусияда келип-кетип иштеп жүргөнүмө 15 жыл болду. Кеткен сайын кайтпайм деп кетем, анан кайра эле келүүгө туура келет», - деди Нуркалый Медетов. Үй-бүлө күткөн, бала-чакалуу ага жараша түйшүгү да көп.

Манас Темир уулу мектепти бүткөн жылы Москвага жөнөгөн. «Биртике акча чогултсам, жогорку окуу жайына тапшырам» деген үмүтү бар. Иш күндөрү жумуштан кийин Москвадагы спорт залдардын бирине барат экен. «Дем алышта достор менен Москваны кыдырабыз», - дейт Манас.

Маратбек Абдыгапаров быйыл жайда окууну бүтүп, бухгалтердик кесип боюнча диплом алмак. «Шартка байланыштуу келип калдым. Эл катары үй салып, унаа алайын», - дейт ал.

Дагы бир мекендешибиз - Малика Мамасадыкова ашпозчулуктун сырларын үйрөнүүдө. 

Гулчехра Алимбекова таттууларды жасаган бөлүмдө иштейт. «Орусияга жолдошум менен беш баланы багалы, үй куралы деп келгенбиз. Жолдошумдун көзү өтүп кетти, эми мен белди бекем бууп, иштеп жүрөм», - дейт Гулчехра эже.