Москвада ишемби күнү кечинде жазуучу Валентин Распутин көз жумду. Жергиликтүү маалымат булактары ал эки күн мурун катуу ооруп, ооруканага жатканын, комага түшүп, ошол бойдон өзүнө келбегенин жазып чыгышты.
Распутин 15-март күнү 78 жашка толмок.
Ал 1937-жылы Иркутск облусунда туулган. 1967-жылы СССРдин жазуучулар союзуна мүчө болгон. Анын “Жаша жана эстеп жүр”, “Өрт”, “Эне менен коштошуу” сыяктуу чыгармалары көпчүлүккө белгилүү.
Маркум бир катар мамлекеттик жогорку даражадагы сыйлыктарды алган. (SE)