Орусиянын президенти Владимир Путин Түндүк флотту жана Батыш аскердик округунун, аба десанттык күчтөрүнүн айрым бөлүктөрүн жогорку даярдыкка келтирүү буйругун берди. Коргоо министри Сергей Шойгунун айтымында, машыгууга 38 миңдей аскер, 3 миң даанадай согуштук техника, 41 кеме, 15 суу астында сүзүүчү кеме, 110 учак жана тик учактар тартылган. Өткөн апрелде Украина менен чек ара аймагында, июнда Борбордук аскердик округда, күзүндө “Чыгыш-2014 машыгуулары өткөрүлгөн. Айрым маневрлар алдын-ала пландалган эмес. Үстүбүздөгү жылдын февралында Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралында да машыгуу болгон.
Батыш согуштук даярдыкты текшерүүгө багытталган машыгуулар санынын көбөйүшүнө камтамасын билдирүүдө.