Балбандар Баяманды эскеришти

Мелдешке Түркмөнстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Финляндия, Израил, Индия, Сербия, Беларус, Литва, Латвия, Молдова, Орусия, Монголия, Түркия, Эстония, Грузия жана Венгриядан 115 балбан катышты. 
 

Эркектер арасында алты салмакта, кыз-келиндер арасында беш салмакта байгелер ойнотулду. 

Мелдеш жыйынтыгында сегиз алтын, алты күмүш, 12 коло байгени Кыргызстан, эки алтын, бир күмүш, үч коло байгени Өзбекстан, бир алтын, үч күмүш, беш коло байгени түркмөнстандык балбандар утуп алышты. Тажикстандын эсебинде бир күмүш байге бар.

Алгачкы жолу уюшулуп жаткан, байге фонду 1 миллион сомду түзгөн турнирди Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүү борбору Кыргызстандын Алыш федерациясы менен биргеликте уюштурган. 

100 кг. салмакта финалга бир тууган балбандар Чыңгыз Аканов жана Нурбек Акановдор чыгышты. Нурбек Аканов күрөшпөстөн жеңишти ​агасы Чыңгызга ыйгарды. 

Кыз-келиндер арасында 58 кг. салмакта күч сынашууга чыккан түркмөнстандык Зарина Абдурахманова килемге чыгууга даярданууда.

Кыз-келиндер арасында +76 кг. салмакта кыргызстандык Надира Сарбашова ​жеңүүчү болду. Надира алтын байге үчүн чечүүчү беттеште өзбекстандык Рахима Юлдошованы утуп алды. 

Байге ээлерине медал, грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Биринчи орунду алган балбандарга 800 АКШ доллары, 2-орунга 400 доллар, 3-орунга 200 АКШ доллары ыйгарылды. 

Кыз-келиндер арасында 52 кг. салмакта байге ээлери. Экинчи катарда: (солдон ого) Мадина Надирова (Кыргызстан), Анара Рыскулова (Кыргызстан), Гүлдона Рузиева (Өзбекстан), Нурайым Кулова (Кыргызстан). Биринчи катарда: (сол тараптан биринчи) ​Биргелешкен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) бюросунун мүчөсү Родика Мария Якши, (сол тараптан үчүнчү) Биргелешкен күрөш дүйнөсүнүн​ салттык күрөштөр боюнча комитетинин төрагасы, ​Алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык федерациясынын президентинин убактылуу милдетин аткаруучу Гинтаутас Вилейта.
 

Мелдеш жыйынтыгында өз салмактарында Анара Рыскулова - 52 кг. (Кыргызстан), Дилдор Шерматова - 58 кг. (Өзбекстан), Динара Халиева 66 кг. (Түркмөнстан), Күмүш Юлдашева 76 кг. (Өзбекстан), Нагира Сарбашова +76 кг. (Кыргызстан), Садыралы уулу Нурлан 60 кг. (Кыргызстан), Мырзабек Кочкоров 70 кг. (Кыргызстан), Равшан уулу Шүкүрулло 80 кг. (Кыргызстан), Нурбек Кожобеков 90 кг. (Кыргызстан), Чыңгыз Аканов 100 кг. (Кыргызстан), Абдумалик Муложанов  +100 кг. (Кыргызстан) чемпион болушту. 

Алыш бел боо күрөшү боюнча боюнча эл аралык федерация 2001-жылы негизделип, бир жылдан кийин каттоодон өткөн. Күрөштүн бириктирилген түрлөрү боюнча эл аралык федерацияга (ФИЛА) 2008-жылы мүчө болгон. Учурда дүйнөнүн төрт континентинин 70тен ашуун өлкөсүндө улуттук федерациялар бар.