Депутат Самаковго каршы митинг өттү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковго таандык "Давос" компаниясынын жанында Кара-Жыгач айылынын 70ке жакын тургуну нааразылык акциясын өткөрүштү. Митингге чыккандар аталган айылдагы 42 гектар жерди Самаковдун жакындары делген адамдар 2008-жылы 49 жылга ижарага алып, кийин 20 млн. сомго аукциондо сатып алганын, мунун айынан жергиликтүү эл жайыттарынан ажырап калышканын билдиришти. Аталган аймактын тургундары жерди кайтарып берүүнү талап кылышууда.