Порошенко: украиналыктардын 90% федералдаштырууга каршы

Украин президенти Петро Порошенко кайсы убакта болбосун өлкөнү федералдаштыруу боюнча референдум өткөрүүгө жана анын жыйынтыгына жараша иш алып барууга даяр экенин белгиледи. Ошол эле кезде украиналыктардын 90 пайызы буга каршы экенин кошумчалады. Ал Euronews каналына интервью берип жатып, өлкөнүн макамы боюнча маселени Конституция боюнча референдум аркылуу Украин эли гана чече турганын айтты.

Марттын башында Негизги мыйзамды өзгөртүп иштеп чыгуу үчүн Конституциялык комиссия түзүү боюнча жарлыкка кол коюлган. Президенттин белгилешинче, Конституциялык реформанын негизги максаты - Украинанын бүтүндүгүн сактап калуу.

Орусия Украинаны федералдаштыруу аркылуу борбордук бийликти аймактар, анын ичинде азыр орусиячыл жикчилдер кармап турган Донецк, Луганск облустары менен бөлүшүүгө чакырып келет.(КЕ)