Астана: Согушкерлер катарында 150 чакты казак жараны жүрөт

Казакстандык аты бдулла деген бала Орусиянын чалгындоо кызматынын тыңчысы деп айыпталган эки эркекти тапанчадан атып өлтүрүүдө. Видеосүрөттү 2015-жылы 15-январда ИМдин "ал-Хаят" медиа борбору жарыялаган.

150дөй казакстандык жаран чет өлкөлөрдөгү согушчан топтордун катарында урушуп жүрөт.

Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин төрага орун басары Нургали Билисбеков 19-мартта Астанада маалымдашынча, андан тышкары ал жакта согушчандардын аялдары, күйөөсү окко учкан жесир аялдар жана балдары болуп, дагы 200дөй казакстандык бар.

2014-жылы 80 казак жаранын экстремисттердин катарына тартуу аракети токтотулган. Сирияда машыгуудан өтүп келген казакстандык жарандын жыл башында террордук чабуулдары уюштуруусуна жол берилген эмес, - деди Билисбеков.

Кыргызстандын атайын кызматтары Сирияда террорчулукка машыгып келген казак жаранын колго түшүрүп, Астанага өткөрүп берди. Ал жаран Казакстанда жана Кыргызстанда террордук жардырууларды уюштурмак, деп кошумчалады Билисбеков.