Ош жана Жалал-Абадда медреселер текшерилди

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Белек Нурланов билдирди. Анын айтымында, диний билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында 4 күн ичинде Ош жана Жалал-Абадда 17 медресе текшерилди. Бул убакыт аралыгында мугалимдердин иши, медресенин жалпы абалы каралып, айрымдарына тийиштүү тапшырмалар берилди. Ушундай эле текшерүү эми башка аймактарда жүрөт.

Талдоочулар Кыргызстанда билим берүү талаптарына жооп бербеген медреселер коомчулукту чочулатып жатканын айтып келишет. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 60тай медресе каттоодон өткөн. (КЕ)