Ошто ыңкылаптар максатына жетпегени айтылды

Бүгүн Ошто Март жана Апрель ыңкылаптарынын себептери менен сабактары талкууланган илимий-практикалык конференцияда бул революциялар максатына жетпегени, элдин жашоосу дагы эле оңолбой, миграция, коррупция токтобой жатканы тууралуу ой-пикирлер айтылды.

Ал эми иш-чарага келген бийлик өкүлдөрү ыңкылаптар жарым-жартылай болсо да максатынан жеткенин баяндашты.

Соңунда бийлик өткөн ыңкылаптардан сабак алышы керек деген жыйынтык чыгарылды. (YI)