Кыргызстан Германияга көңүл айтты

Кыргыз мамлекетинин башчысы Алмазбек Атамбаев Германия президенти Йоахим Гаукка жана канцлер Ангела Меркелге учак кырсыгынан каза тапкан немис жарандарына байланыштуу көңүл айтты.

Кечээ, 24-мартта Франциянын аймагындагы Альпы тоолорунда кулаган немис учагында 144 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү болгон. Учак Испаниядан Германияга, тагыраак айтканда Барселонадан Дюсселдорфко бараткан. Кыйроодон бир да киши аман калган жок.

Германиялык Germanwings авиакомпаниясына караштуу А320 үлгүсүндөгү аэробус Барселонадан Дюссельдорфту көздөй бараткан. Учактагы 150 кишинин көбү Германиянын жарандары болгон. Арасында Австралия, Улуу Британия, Испания, Казакстан, Түркия жана Жапониянын да жарандары болгону маалымдалды. (RK)