Кургак учук акыркы өкүм эмес (3)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча секунда сайын дүйнөдө бир адам кургак учук оорусун жуктуруп алат. Кыргызстан кургак учук боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинде 2-орунда жана илдеттин оор түрү катталган 27 өлкөнүн катарына кирет. Кыргызстанда бул дарт менен 5 жарым миңге чукул киши каттоодо турат. Алардын ичинен кургак учуктун оор формасы менен 3 миңден ашык киши ооруйт.