Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн кечинде президенттикке талапкерлерди каттоо аяктаганын жарыялады.
Шайлоого талапкер катары “Нур Отан” партиясынан Казакстандын учурдагы президенти Нурсултан Назарбаев, Казакстандын Коммунисттик партиясынан Тургун Сыздыков жана өзүн-өзү көрсөткөн Профсоюздар федерациясынын башчысы Абилгази Кусаинов расмий катталды.
Нурсултан Назарбаевдин эки атаандашынын бири да Казакстанда элге анча таанымал эмес инсандар.
26-марттан тарта талапкерлер шайлоо өнөктүгүн башташат.
2016-жылы өтө турган президентик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгесин Назарбаев өзү төрагалык кылган Казакстан эл ассамблеясы 14-февралда көтөрүп чыккан. Ассамблея учурдагы шартта “экономикалык саясатты бекемдөө үчүн” шайлоону эртелей өткөрүү зарылдыгын билдирген.
74 жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстанды 1989-жылдан бери башкарып келет. Ал 2011-жылы мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо төртүнчү жолу президенттикке шайланган эле.
Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президентик шайлоо 26-апрелде өтөт.