Мектеп театрлары фестивалга чогулду

Бул күндөрү Бишкекте балдар жана мектеп театрларынын республикалык фестивалы өтүүдө. 12-жолу уюштурулуп жаткан маданий иш-чара быйыл Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналды.

Жаш артисттер кыргыз, орус жана дүйнөлүк авторлордун чыгармаларын аткарып берүүдө.

Орус драма театрынын сахнасында өтүп жаткан фестиваль 28-мартта жыйынтыкталып, мыктыларга сыйлыктар тапшырылат. (RK)