Тил боюнча акцияга чыккан жарандык активист укугу бузулганын айтууда

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Бишкек мэриясынын алдына пикетке чыгып, милициянын орой мамилесине кабылганын "Азаттыкка" билдирди.

- Милиция кызматкерлери менин колумдагы плакаттарды айрып салышты. Менин жарандык эркиндигим, тынч жыйындар тууралуу мыйзам бузулду, - деди ал.

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өтүүдө. Токтонасыров 1990-жылдары улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ак батасы менен негизделген "Бишкек шамы" гезити кыргыз тилинде кайра чыга башташын, ал шаар бийлигинин маалымдоо органы болушу керектигин айтып пикетке чыккан болчу. (RK)