Чычкан капчыгайында унаа күйүп кетти

Бишкек - Ош жолунда машине толугу менен күйүп кетти деп кабарлайт Жалал-Абад облустук ИИБнын басма сөз кызматы.

Маалыматтарга караганда, Бишкекке жол тартып бараткан Ноокат районунун 26 жаштагы тургунунун Чычкан капчыгайында ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү машинесинен өрт чыгып, жыйынтыгында толугу менен күйүп кеткен. Эч ким жабыркаган жок. (ZMa)