Өткөн жумада Ошто УКМК тарабынан кармалган америкалык журналист Умар Фарук Кыргызстандан депортацияланды. Аны өлкөдөн чыгарып жиберүү чечимин Ош шаардык соту 28-март күнү кечинде чыгарганын, жекшембиге караган түнү Бишкек-Стамбул каттамы аркылуу учуп кеткенин күч органдары билдирди. Умар Фарук "үйүнө кайтып баратканын" өзү Твиттердеги баракчасына да жазды.
Журналист 25-мартта кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тараткан билдирүүгө ылайык, ал уруксат албай туруп Оштун аймагындагы диний кырдаал тууралуу маалымат чогултуу менен алектенип жүргөнү аныкталган. (SE)