Ислам Каримов президенттик шайлоодо жеңүүчү деп жарыяланды

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Ислам Каримов президенттик шайлоодо жеңгенин жарыялады.

Комиссиянын төрагасы Мирзоулугбек Абдусаломов 17,2 миллион киши, же шайлооочулардын 90,39 проценти Каримовго добуш бергенин билдирди.

77 жаштагы мамлекет башчы ушуну менен төртүнчү мөөнөткө эң жогорку кызматты аркаламакчы.

Анын алдында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Өзбекстандагы президенттик шайлоодо Ислам Каримовго чыныгы атаандаштык болбогонун билдирди.

Уюмдун Демократиялык институттар жана Адам укуктары бюросу шайлоого алгачкы баасын берип, анын жүрүшүндө бир топ кемчиликтер байкалганын белгиледи.

Байкоочулар тобунун башчысы Таня де Зулуэтанын айтымында, Конституцияда бир эле киши эки эле мөөнөт катары менен президент боло алат деп жазылганы менен, Борбордук шайлоо комиссиясы Каримовдун талапкерлигин каттаган.

Каримов менен кошо бул ирет дагы 3 талапкер ат салышкан. Бирок алардын бардыгы бийликчил партиялар тарабынан көргөзүлгөн. Бир катар укук коргоо уюмдары жана чет өлкөлөрдө жүргөн өзбек оппозициясы шайлоонун демократиялык принциптерге жооп бербегенин сындап келатышат.

Бийликте турган 26 жыл ичинде Каримов оппоненттеринин көбүн жок кылган.