Бишкекте Памир кыргыздарына арналган көргөзмө уюштурулат

Памирлик кыргыздар. 28-ноябрь, 2014-жыл.

Ооганстандагы Памир кыргыздарынын жашоосуна арналган сүрөт жана видеокөргөзмө бүгүн Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы музейде өтөт. Памир кыргыздарына жардам берүү чакырыгы менен уюштурулуп жаткан иш-чара саат 15:00дө башталат. Көргөзмөгө буга чейин ал жакка барып келген төрт делегациянын фото жана видеолору коюлат. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Катаал шартта жашаган памирлик кыргыздар медициналык, социалдык жардамга муктаж. (SE)