Баткенде чек араны бузуп, аткезчилик кылган жаран кармалды

Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, 1-апрелде Баткен чек ара отрядынын чек арачылары аткезчилик жүк алып өтүп бараткан кыргызстандык жаранды кармашты.

Hyundai Porte автоунаасын башкарып бараткан жаран Баткен районунун Күңгөй-Таш аймагында Өзбекстандан Кыргызстанга 2 тонна бадыраң алып өтүүгө аракет кылган. Анын жанында уруксат берген документтери болгон эмес. Аткезчилик жүктүн баасы 300 миң сомду түзөт.

Аталган жаран жүгү менен Мамлекеттик бажы кызматына өткөрүлүп берилди. (AzK)