Орусияда 4507 кыргызстандык биометрикалык маалымат тапшырды

Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен “Азаттыкка” билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2014-жылдын ноябрь айынан тарта 2015-жылдын 31-мартына чейин элчилик 1680 жарандын биометрикалык маалыматын алган. Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын башкы консулдугунда 1990 жаран, Новосибирск шаарындагы вице-консулдукта 837 жаран биометрикалык маалымат тапшырган.

Январда айрым маалымат каражаттары Мамлекеттик каттоо кызматына шилтеме жасап, Орусия боюнча 18 миң 400 киши биометрикалык каттоодон өткөнүн жазып чыгышкан. (AzK)