Германиянын Бонн шаарындагы Зоологиялык изилдөө музейинин профессору Волфгаң Бөме Иран менен Ирактын ортосундагы чек ара аймагындагы чакан аралда жашаган чөл кескелдиригинин жаңы түрүн сүрөттөй алгандыгын билдирди.
Ал Варанус НЕСТЕ-РОВИ деп аталган бул жандыкты эки студенти жана орусиялык эки кесиптеши менен биргеликте аныктаган. Узундугу бир метр 20 сантиметрге жеткен кескелдирик Загрос тоо кыркасынын батыш жана түштүк-батыш жагындагы тоо этегинде гана кездешет шекилдүү. Бөменин айтымында, бул кескелдирикти орусиялык окумуштуу 1914-жылы таап чыккан, бирок андан үч жылдан кийинки большевиктердин ыңкылабына байланыштуу ишин аягына жеткире алган эмес.