Аксы: 7-апрелге белгиленген митинг башка күнгө жылдырылды

Райондун борборунда оппозицияны колдоо максатында 7-апрелде өтүүчү митинг убактылуу башка күнгө жылдырылды.

Бул тууралуу митингдин уюштуруучуларынын бири Жанарбек Надырбеков бүгүн Жалал-Абадда өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, митингди уюштуруучулар район акими өзүнө сын айткандарды жоопко тартканды токтотсун, Иринжит каналынын курулушун президент көзөмөлгө алсын деген талаптарды коюшууда. (RsK)