Папа Франциск Кениядагы кол салууну айыптады

Папа Франциск Римдеги сыйынуу маалында Кениядагы университетке кол салууну айыптап, христиандарды өлтүрүлүшү боюнча ири эл аралык уюмдардын үн катпай отурушун сындады.

“Биз ишеним үчүн туугандарыбызды куугунтуктап, өлтүрүп, сабап жатканын көрүүдөбүз. Көп учурда биз унчукпай макул болуудабыз”, - деди ал сыйынып жатып. Ошондой эле ал университеттеги кол салууну "акылга сыйбаган мыкаачылык” деп атады.

2-апрелде Кениядагы Гарисса шаарындагы университет кампусуна “ал-Шабааб” экстремисттик тобунун согушкерлери чабуул коюп, 147 адам өлтүрүлгөн. Сексенден ашуун студент жарадар болгон. Согушкерлер христиан дининдеги студенттер кармалып, мусулман дининдегилер бошотулганын жарыялашкан. Алар Сомалидеги согушкерлерге каршы Кения өкмөтү аскер жибергени үчүн өч алып жатканын белгилешкен. (КЕ)