Пакистанда тууганы кызын бербей койгонуна кыжырданган эркек бул үй-бүлөнүн 10 мүчөсүн атып салды. Бейажал өлгөндөрдүн арасында кыздын атасы, апасы жана сегиз баласы бар. Окуя уруулардын башкаруусундагы Хайбер Пхатунква провинциясында 5-апрелде болгон. Пакистан полициясынын билдиришинче, береги эркек былтыр мени үйлөбөйсүңөр деп чатакташып, ата-энесин жана эки бир тууганын атып салган деп шектелүүдө. Маалыматка караганда, полиция кандууу окуядан кийин ал кишини камакка алган.
Бөлөсүнө үйлөнүүнү каалаган пакистандык 10 адамды атып салды
Түштүк Вазиристан провинциясындагы бозгундар лагерди калтырып, үйлөрүнө жөнөшүүдө. Танк шаары.16-март 2015