Аден да шиит козголоңчулардын колуна өткөнү калды

Сауд Арабиянын истребители Йемендеги хуситтерге каршы чабуулга жөнөп жаткан кез. 2-апрель 2015.

Йемендеги шиит козголоңчулары 5-апрелде өлкөнүн экинчи чоң шаары Адендин ортосун ээлешти. Борбор шаар Сана да хусит эрегишчилердин колунда. Саудия башындагы коалициянын аскер учактары хусит эрегишчилердин Адендеги, Санадагы жана өлкө түндүгүндөгү ордосу - Саада шаарындагы өңүттөрүн бомбалоону улантууда.

Акыркы эки жумада Аденде козголоңчулар менен президент Абд Рабу Мансур Хадиге ишенимдүү күчтөрдүн салгылашуусунда 500дөн көп адам набыт болгон. Бул жөнүндө Улуттар уюму билдирди.