Бишкек мэриясы Жеңиш майрамында кызыл сары түстөгү тасма колдонот

Жеңиштин 69 жылдыгын белгилөөгө даярдык. 2014-жыл, Бишкек.

Бишкек мэриясы Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө аземинде Георгий тасмасынын ордуна мамлекеттик Тууга түспөлдөш кызыл сары тасманы колдонот. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаар бийлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Бирок каалоочуларга Георгий тасмасын колдонууга да тыюу салынбайт. Учурда 9-Майга карата калааны кооздоо боюнча даярдык жүрүп жатат.

Буга чейин айрым маалымат булактары мэрия Георгий тасмасынан баш тартканы тууралуу кабарлаган болчу.

Өткөн жылы активисттер аталган тасмадан баш тартуу демилгесин көтөрүп, кыргыз желеги сүрөттөлгөн тасманы сунушташкан эле.

Украинадагы жагдайга байланыштуу соңку жылдары Георгий тасмасына карата дүйнө коомчулугунда терс пикир көбөйгөн. Көпчүлүк өлкөлөр, анын ичинде коңшу Казакстан да аны жайылтуудан баш тарткан. (SE)