Калктын өкмөткө арыздануусунун көбүн турак жай көйгөйү түзөт

Кыргызстандыктардын өкмөткө кайрылуу, арыз-даттанууларынын көбү турак жай маселесине байланыштуу болууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлашты.

Быйыл биринчи кварталда өкмөттүн аппаратына 2,5 миңге жакын жазуу жана оозеки арыз түшкөн. Көбү Бишкек, Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын тургундарынан кары адамдар, пенсионерлер, майыптар.

Кайрылгандардын көбү үй-жай менен камсыз кылуу, пенсия, жөлөкпул, билим берүү, саламаттыкты сактоо системасына байланыштуу арыздангандар. (RK)