Бишкекте төрт эм төрөлдү

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун адистери жаңы төрөлгөн ымыркайлар менен.

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 34 жаштагы Гүлайым Абдылдаева төрт эм төрөдү. Бүгүн, 9-апрель күнү саат 10:40та жарык дүйнөгө келген ымыркайлардын баары эркек. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, балдардын салмагы 1 кг 700 граммдан 2 кг 500 граммга чейин.

Гүлайым Абдылдаева төрөрдөн мурун.

Эненин да, ымыркайлардын да абалы жакшы. Төрөгөн айым буга чейин үч баланын энеси болчу.

2013-жылы борбор калаадагы №4 төрөт үйүндө да бир аял төрт эм төрөгөн. (SE)