Жалал-Абад: оппозициянын курултайы баштала элек

Оппозициянын бүгүнкүгө белгиленген курултайы баштала элек. Ат майданда өтчү курултай түшкү 12де башталмак.

“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, учурда 50-60 киши оппозиция лидерлерин күтүп отурушат. Алар “Чыныбай Турсунбеков, Таирбек Сарпашев жана Жантөрө Сатыбалдиев жоопко тартылсын”, “электр энергиясы арзандасын”, “суу саткандар -эл душманы”, “шоопур саясат токтосун” деген жазууларды жазып алышкан.

Учурда ат майданда 20 чакты милиция тартипке көз салууда. Мындан мурдараак курултайга УОКтун лидери Кубанычбек Кадыров баштаган оппозиционерлер катышары айтылган. (RsK)