НАТО: Орусия Украина чыгышына курал жеткирүүнү токтотпой жатат

Frankfurter Allgemeine Sonntagszeitung гезити НАТОдогу өз булактарына таянып, Орусия Украина чыгышындагы жикчилдерге курал-жарак жеткирүүнү улантып жатканын жазып чыкты.

Аталган гезиттин маалыматы боюнча Орусия Украинага заманбап үлгүдөгү Т-80, Т-90 танктарын, дүрмөттөлгөн машинелерди, артиллерия жана абадан коргонуу жабдыктарын жөнөтүүдө.

Орусия болсо Украинанын чыгышына курал берген жокпуз деп батыш саясатчыларынын жана Украина лидерлеринин маалыматттарын четке кагып келет.