"Түркиянын тышкы карызын мигрант түрктөр төлөшкөн"
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Түркиянын чет жактарда жашаган түрк мигранттары менен алака-катыш түзүү тажрыйбасын кыргызстандык делегация үйрөнүп келди. Кыргыз өкмөтү, коомдук уюмдар жана чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз бирикмелери көптөн бери ортодогу байланышты бекемдөө жолдорун талкуулап келатышат. “Азаттык” радиосунун Бишкектеги студиясында ушул темага арналган талкууга Анкарага атайын барып келген делегациянын мүчөлөрү: Жогорку Кеңештин эксперти Салтанат Бараканова, Эмгек, жаштар жана миграция министрлигинин өкүлү Дарманкул уулу Бакыт жана Роза Отунбаеванын демилгелери Эл аралык фондунун “Мекендештер” форумунун координатору Банур Абдиева катышат.