Ош: Кылмышка шектүү 3 миң 740 адам издөөдө жүрөт

Бул тууралуу ИИМдин орунбасары Нурбай Касымбаев Ошто өткөн коллегиялык жыйында билдирди. 

Касымбаевдин айтымында, жылдын биринчи чейрегинде кылмышка шектүү 4 миң 638 адамга издөө жарыяланган. 

Анын ичинен 898 адам табылган. Жалпысынан издөөдө жүргөн адамдардын 19.4% гана табылды дегенди билдирет. (YI)